Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрттөн алты адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык бүгүн болгон. Саат 05:52де Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону 06:25те өчүрүп үлгүрүшкөн."Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30дар чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт тутанып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн алты тургуну — 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары каза болду", — деп айтылат маалыматта. Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда сөөктөр таанылгыс абалда табылганы белгиленген.
Ички иштер министрлиги Административдик жана Кылмыш кодекстерине "Сексуалдык ыдык" боюнча берене киргизүүнү сунуштап жатат. Демилге ишке ашып калса, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү колдонуу, жыныстык органдарды көрсөтүү, ошондой эле бирөөнүн эркине каршы кармалоо, кысуу, сылоо, чымчуу сыяктуу жосундарды жасаган адамга 20 миң сом айып салынып же 3-7 сутка камалат. Эгер кайталанып жасалса, айыпкерди 3-5 жылга эркинен ажыратуу каралууда. ИИМ акыркы жылдары коомдук жайларда сексуалдык ыдык боюнча даттануулар көбөйгөнүн маалымдады. Буга чейин мыйзамда аталган терминге так түшүнүк берилбей, шектүүлөр жумшак жаза менен кутулуп келишкен.
Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан чакан заводдо цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй Облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, кырсык кечээ кечинде болуп, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынган. Тергөөгө чейинки териштирүү башталып, газоблок чыгарган заводдун түштүк жагында турган цемент цистернасы жарылганы аныкталды. Анын кесепетинен 34 жана 64 жаштагы эки жумушчу ошол жерде каза болушкан.Учурда күбөлөр суралып, жарылуунун себебин тактоо үчүн экспертизалар дайындалды. Милиция иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин айтты.
Европа өлкөлөрү жана Киев Россия менен болгон жаңжалды токтотуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканын Bloomberg ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. "Европа өлкөлөрү менен Украина 12 пунктудан турган сунуштун үстүндө иштеп жатышат. Анда Киев — Москва жаңжалын учурдагы фронттун линиясынан баштап токтотуу каралган", — деди агенттик. Өткөн аптада Ак үйдүн маалымат кызматы Трамп Россия менен Украинага жаңжалды фронттун учурдагы сызыгынан токтотууну, башка жагдайларды кийинчерээк сүйлөшүп алууну кайрадан сунуштаганын билдирген. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москванын бул маселе боюнча позициясы ырааттуу жана өзгөрүүсүз каларын белгилеген. Владимир Путин кризистин түпкү себептери жоюлганда гана узак мөөнөттүү тынчтык орной турганын айтып келет.