Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында университеттин жетекчилери жана профессордук-окутуучулар курамы менен маек өткөрүлдү.
Илим жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева университеттин илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды билим берүү процессине киргизүү боюнча пландары менен бөлүштү. Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон университеттин эл аралык кызматташтыгы, чет тилдерди окуу жана чет өлкөлүк университеттер менен академиялык байланыштарды чыңдоо тууралуу айтып берди.