ЕАЭБ аймагында кыргызстандык абитуриенттерге жакшы шарт түзүлгөн – Евразиялык билим берүү жарманкеси кандай өттү?

Sputnik
Кыргызстанда евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатат. Анда Россия, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтар сунушталган. Алгачкы иш-чара Бишкек шаарында өтүп, ага алты миңден ашык адам чогулуп, рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарланды. Бүгүнкү программада дал ушул өзгөчө иш чара жана Евразия мейкиндеги билим берүү тармагындагы алакалар тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Эльмира Сатышева жооп берди.