Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Салык кызматында 9 айда 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылдыРодриго Пас Боливиянын президенти болуп шайландыШайлоого катышуу үчүн 343 талапкер БШКга арыз берди. Алдыда кененирээк19-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот. Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.
Быйылкы жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине карата 181 кайрылуу түшкөн. Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан келип түшкөн. 2025-жылдын 1-октябрына карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда кароодо турат. Каралып бүткөн кайрылуулардын ичинен: 67 кайрылуу боюнча фактылар толугу менен тастыкталды; 5 кайрылуу боюнча фактылар жарым-жартылай тастыкталды; 90 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган эмес. 20 кызматтык териштирүү дайындалып, анын 17си отчеттук датага карата аяктаган. Кызматтык тартипти бузгандыгы жана кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органдарынын 126 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди кабыл алып жатып Украина менен биргеликте Россиянын да коопсуздук кепилдигин талкуулаган. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазганын РИА Новости кабарлады. "Трамп Киевдин да, Москванын да коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз калды", — деген агенттиктин маектешинин бири. Маалыматта украин делегациясы үчүн АКШ лидеринин позициясы бир топ эле күтүүсүз болгону айтылат. Ал мындай кадамга Зеленский аймагын өз ыктыяры менен бербей турганын айткандан кийин барган. "Трамп "турган жерде, башкача айтканда, демаркация линиясында" келишим түзүүнү чечип, жолугушуу ошону менен жыйынтыкталган", — деп жазды агенттик. Маалымат бергендердин биринин айтымында, Трамп эгер Киев кепке келбесе "өлкө (Украина — ред.) жок болот" деген жүйө келтирген. Мындан тышкары, АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф Украинадан Россия менен аймак "алмашууга" макул болуусун катуу талап кылгандардын бири болгон.
Боливияда өткөн президенттик шайлоодо Христиан-демократиялык партиянын талапкери Родриго Пас жеңишке жетти. Бул тууралуу РБК билдирди. Маалыматта белгиленгендей, ал 54,5% добуш алып, атаандашы — мурдагы президент Хорхе Кироганы утуп чыкты. Пас 8-ноябрда кызматына киришет. Анын шайлоодогу жеңиши өлкөдөгү солчул күчтөрдүн, анын ичинде мурдагы президент Эво Моралес жетектеген лагердин, узак мөөнөттүү үстөмдүгүнө чекит койду. Жаңы мамлекет башчысы өлкөдө “баарына ылайыктуу капитализм” саясатын жүргүзүп, бизнеске жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды жоюуга убада берди. Боливиядагы ири литий кендерин пайдалануу маселеси - шайлоо өнөктүгүндөгү негизги тема болду.