"Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнү экспорттолду. Бул тууралуу Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада айтылды, - деп жазат "Кабар" маалыматтык агенттиги. Анда белгиленгендей, алгач ирет Россияга 40 тонна беденин үрөнү да экспорттолду. Быйыл биринчи жолу Жайыл районунда помидордун түшүмдүүлүгү гектарынан 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекорд коюлду. Ошондой эле быйылкы жылдын түшүмдүүлүгү да жакшы болгону маалымдалды. Маселен, күрүч быйыл 362 миң центнер жыйналды, бул 11,2%га көп. Өлкөдө 9,4 млн центнер картошка казылып алынды. Азыр пахта, кызылча жыйноо терими бүтө элек. Ал эми буурчак 623 миң центнер жыйналды. Дан эгиндери боюнча 568 миң гектар жерге айдалган. Мөмө-жемиштер болсо, өлкөдө 2,8 млн центнер жыйналды. 2025-жылдын сегиз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясынын көлөмү 252,5 млрд сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4%га көбөйгөн.
Жыл аягына чейин 35 жаңы ишкана ишин баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, жыл башынан бери 28 ишкана ишке кирген. "2025-жылы 28 ишкана ишке кирип, жыл аягына чейин дагы 35 жаңы ишкана ишке кирет", - деди ал.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартылат. Бул тууралуу маалыматты режиссер Режиссёр Каныбек Калматов билдирди.Режиссёр жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен расмий келишим түзүп, анын өмүр баянын экрандаштырууга укук алган. "Фильм Айтматовдун жаш курагынан тартып дүйнөлүк даңкка жеткенге чейинки өмүр жолу жөнүндө баяндайт. Ошондой эле анын чыгармалары кыргыз маданиятынын өзөгүнө айланып, XX кылымдын дүйнөлүк адабиятына терең из калтырганы көрсөтүлөт",- деп айтылат маалыматта. Картина чыныгы окуялардын негизинде тартылары белгиленет. Премьерасы 2026-жылы көрсөтүлөрү пландалууда. Каныбек Калматов ВГИКтин оператордук факультетин бүтүргөн. Ал ар түрдүү өлкөлөрдө кино долбоорлордо иштеген жана кыргыз кино тарыхындагы эң ийгиликтүү тасмалардын бири — "Бейиш эненин таманында" фильминин башкы оператору катары таанылган.
Россияда айдоочуларга айрым дары-дармектерди колдонуу үчүн айып пул салуу жана айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу чаралары киргизилиши мүмкүн.РИА Новости агенттигине Мамлекеттик Думанын Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Сергей Леонов билдиргендей, бул тизмеге концентрацияны начарлаткан, мисалы, уйкуну келтирүүчү жана тынчтандыруучу дарылар кириши мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Дума тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.Долбоор транспорт каражатын реакцияны жана көңүл бурууну төмөндөтүүчү дары-дармектердин таасири алдында башкарган айдоочулар үчүн административдик жоопкерчилик киргизүүнү сунуштайт.Бул эрежени бузган айдоочуларга 45 миң рубль айы