Президент Садыр Жапаров "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын мамлекеттин бюджетине өз убагында келип түшүүсүн, ачык-айкындыгын жана так эсебин камсыз кылуу болуп саналат. Мыйзам менен бул беренеге өзгөртүү киргизилип, нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт деп белгиленген.
Кыргызстандагы мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, документсиз малдын ээсине 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 500 сом айып салынат. Ветеринардык кызмат айдоочуларга кайрылып, коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти. Маалым кат алуу үчүн кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.
Балбан Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болгонун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди."Айсулуу Тыныбекова — күч менен кайраттын, эрктин жана туруктуулуктун символу. Анын спорттогу жолу көчмөндүн рухунан жаралган тарых. Айсулуу дүйнөгө кыргыз аялзатынын күчүн, намысын жана жандуу көчмөн рухун көрсөтүп келет", — дешкен уюштуруучулар. Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтмөкчү. **Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин жалпы биржалык товар рыногун түзүү боюнча жумуш башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович айтты. Министрдин билдиришинче, биринчи кадам катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кирген Биржа комитетин түзүү пландаштырылууда. Ага Өзбекстан менен Ирандын биржалары байкоочу катары чакырылат. ЕАЭБ алкагында биржада соодалануучу ар түрдүү товарлар үчүн баа түзүүнүн жалпы принциптерин жана ыкмаларын иштеп чыгуу негизги максат катары аныкталган. Башкача айтканда, бирикме ичиндеги мамлекеттер товардын бирдиктүү баа индикаторлорун аныктоо боюнча жалпы эрежелерди жана ыкмаларды кабыл алат.
Европада иштеп жаткан "согуш партиясы" континентте тынчтык жана коопсуздук орношун каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Самаркандда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды."Европада "согуш партиясы" бар экени көрүнүп эле турат. Ал Россиядан айырмаланып, континентте тынчтык орношун жана баары бирдей укукка, коопсуздукка ээ болушун каалабайт", — деди Нарышкин. Айтымында, Батыш Россияны стратегиял