Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарып, мониторинг жана байкоо жүргүзүүгө, материалдык резервге, токой аянттарын кеңейтүүгө, өлкөдөгү өрт, сел-суу кырсыктардан келтирилген материалдык чыгымдарды санады. Кырсыктардын алдын алуу жана жоюу, техногендик кырсыктарды алдын алуу, өрт коопсуздугу, куткаруу, жарандык коргонуу жана калкты окутуу багытындагы иштер тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов маалымат берди.