Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурдагы жылдарга караганда абдан аз. Энергетика министри быйыл Кыргызстанда эң оор кыш болорун айтты. Жакында эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2026-жылдын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Ага ылайык, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган. 2028-жылга карата өлкө энергетикалык эгемендикке жетип, өзүбүздү толук камсыздаган абал түзүлөбү? Сууну туура башкаруу, жылуулук электр станциясын куруу, энергетикалык коопсуздук тууралуу энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков маек курду.