Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда эт, балык, жумуртка сыяктуу бир катар азык-түлүк продукциялары арзандашы мүмкүн. Министрлер кабинети жарыялаган токтомго ылайык, 2030-жылдын 1-январына чейин айыл чарба продукцияларына болгон кошумча нарк салыгы (КНС) 80 пайызга азайтылат. Учурдагы КНС 12 пайызды түзөт. Тизмеге эт, балык, жумуртка, суу май жана бир катар жашылча, мөмө-жемиштер кирген. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринде жол тыгындарын жоюу чаралары тууралуу айтып берди. Ал айрым автобустук каттамдарды кыскартуу пландалып жатканын белгиледи. "Кыймыл кызыган маалда 20 автобус жолго батпай, өздөрү тыгын жаратууда. Бул жерде аралыкты сактоо маанилүү. Атайын эрежелер жана коопсуздук маселеси бар... Учурда кээ бир каттамдарды жоюп салууну пландап жатабыз. Мында жүргүнчүлөр жол акыны бир ирет төлөп, бир нече автобус менен жолун улай алышат", — деди Жунушалиев. Ал ошондой эле борбор калаада метро куруу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берди. Мэрдин айтымында, эксперттер мындай долбоорду ишке ашыруу өтө кымбатка туруп, өзүн көптө актай турганын эскертишүүдө. Андыктан муниципалитет трамвай каттамдарын ишке ашырууну сунуштап жатышат. Жунушалиев буга чейин айтылган темир жолду шаардын сыртына чыгаруу демилгесин да эске салды. "Темир жол шаардын сыртына чыгарылбайт, бирок ал аркылуу шаардык поезддер жүрө башташы мүмкүн. Асма жолдун курулушуна келсек, потенциалдуу инвестордун долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Биз башка компанияларга техникалык-экономикалык негиздемени жөнөттүк, бирок асма жол транспорт маселесин чечпейт. Ал туризм үчүн пайдалуу нерсе", — деди калаа башчы.
Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды. Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Балдарды коргоо борбору менен биргеликте уюштуруп жаткан иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-октябрына чейин уланат. Пландаштырылган иш-чаралардын максаты - балдарда инсан катары өзүн-өзү сыйлоого негизделген активдүү жашоо позициясын калыптандыруу жана балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин акыркы сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында үй-бүлөдө жана билим берүү чөйрөсүндө позитивдүү тарбиянын натыйжасында башкаларга урмат көрсөтүү. Бул иш-чара Бишкек шаарындагы № 101 орто мектепте Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жана Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда башталды.
Таластагы "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, иштин алкагында музей кеңейип, жаңы муундагы экспозиция түзүлөт. Анда "Манас" эпосундагы окуялар, Семетей, Сейтек жана чоролордун өмүр баяндары атайын 12D