Ракты жеңсе болот — Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан канча адам каттоодо турат?

Sputnik
Кыргызстанда Улуттук онкология жана гематология борборунун түптөлгөнүнө 65 жыл толду. Бул аралыкта ракты дарылоо, оорууну алдын алуу, кесипкөй адистерди даярдоо сыяктуу иштерге көңүл бурулуп келди. Бүгүнкү шартта онкологиялык ооруларды аныктоо, изилдөө, реабилитациялоонун абалы, жаңы технологиялар, ыкмалардын кириши тууралуу , Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Амангелди Жумабаев менен маек курдук.