Өлкөдө пахта өстүрүү айыл чарбанын маанилүү багыттарынын бири болупсаналат. Акыркы жылдары негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарында айдалып келет, бирок айдоо аянттары акырындап азайып жатат. Бул көрүнүш пахта баасынын төмөн болушу жана кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздиги менен байланыштуу.Учурда аймактардагы айрым ишканалар бул тармакты кайрадан жандандыруу аракетин көрүүдө. Пахта баасы дүйнөлүк рынокко көз каранды. Быйыл 1 кг пахта 60–70 сом тегерегинде болору күтүлүүдө. Былтырпахта буласынын 13 миң 238 тоннасы экспорттолгон. Негизги экспорттук багыт Россия, Казакстан ( ЕАЭБ өлкөлөрү) ошондой эле Кытай, Иран жана Өзбекстан. Бул тууралуу , Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Тармактык саясатты ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Жыпаркүл Нурдинова айтып берди.