Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ачык-айкын жана элге жакын иштешин камсыз кылуу максатында Кыргызстанда “Пикир” жаңы маалыматтык система ишке киргизилди. Бул система жарандарга министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын ишин баалоого жана пикир калтырууга мүмкүндүк берген заманбап онлайн платформа. Жаңы маалыматтык системасы тууралуу сөз болду.