Өлкө башчы Садыр Жапаров, 9-октябрда, Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты.Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөр аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, бири-биринин демилгелерин колдоп жатканын канааттануу менен белгилеген. Ал эми Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамилелери кылымдар бою келе жаткан достук жана коңшулаштык байланыштарга негизделгенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашышты.
Россия менен биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Борбор Азия — Россия" саммитинде билдирди. Иш-чара, 9-октябрда, Душанбе шаарында өттү. Президент Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин белгилеген. “Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгү болуп калууда. Региондун транспорттук потенциалын ишке ашырууга жана Россиянын Кытай, Иран жана башка өлкөлөр менен транспорттук байланышын камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке киргизүү боюнча биргелешкен аракетти күчөтүү зарыл деп эсептейм”, — деген Жапаров. Ал Кыргызстан чакан жана орто ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу боюнча долбоорлорду баскыч баскычы менен ишке ашырууну жигердүү улантууда деген. Мамлекет башчы трансчек аралык туризм Кыргызстанда тездик менен өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп баратканын белгилеген. Курчап турган чөйрөнү коргоо маселесине токтолгон Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагындагы уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарды рекультивациялоо боюнча Россия менен эки жактуу жана көп тараптуу ийгиликтүү кызматташууну мисал келтирген. Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан өзүнүн союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен достук алакаларды өнүктүрүүгө багыт алганын жана бул форматта активдүү саясий диалогду улантууга умтуларын белгилеген.
Мамлекеттик салык кызматы өзүнчө бөлүмгө укук коргоо органынын макамын ыйгаруу үчүн иштелип чыккан өкмөттүн токтом долбоорун чакыртып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.Буга чейин ушундай демилгени камтыган документ ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун коомдук талкуусунун бирдиктүү порталына илинген.Белгилей кетсек, эгер аталган документ кабыл алынганда Салык кызматынын "укук коргоо органы статусуна ээ" кызматкерлерине ок атуучу курал алып жүрүүгө, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп, салыкка байланышкан кылмыш ишин тергөөгө уруксат берилмек.
ХАМАС АКШ жана ортомчу мамлекеттерден Газа секторундагы согуштун токтоору боюнча кепилдик алганын жар салды. Бул тууралуу кыймылдын аталган анклавдагы лидери Халиль аль-Хайянын айтканына таянып РИА Новости жазды. Ал Израиль абактан бардык палестиналык аялдарды жана балдарды бошото турганын да айткан. Мындан тышкары, өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык жана Газа тилкесинин 1 700 тургуну эркиндикке чыгат.