Кыргызстанда ар бир он биринчи жаран психикалык оорулардын айрым түрлөрү — тынчсыздануу, депрессия, алкоголго же психоактивдүү заттарга көз карандылык менен туш болуп келет. Узун жылдар бою бул тема коомдо стигмалашып келгенине карабастан, азыр өлкөдө психикалык саламаттык боюнча алгачкы улуттук стратегия иштелип чыгууда. Эмне үчүн бейтаптардын саны өсүп жатат, мамлекет кандай чараларды көрүүдө жана психикалык жардамга болгон терс мамилени кантип жоюу зарыл? Ушул жана башка суроолор боюнча Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев менен маектештик.