Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Экономика жана соода министрлиги "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилге кылууда. Долбоор коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, терс насыялык маалыматты сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга кыскартуу каралууда. Мекеме мындай өзгөртүү карыз алуучулардын насыя алуу түйшүгүн жеңилдетип, банк системасына болгон жүктү азайтып, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеген. "Казакстанда терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү мурда 10 жыл болгон. Бирок керектөөчүлүк суроо-талапты стимулдаштыруу жана чакан бизнести колдоо максатында 5 жылга чейин кыскартылган. Өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн жана коңшу өлкөнүн оң тажрыйбасын эске алуу менен терс кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн пилоттук түрдө 3 жылга кыскартуу сунушталууда", — деп айтылган документте.
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакты толугу менен реконструкциялоого 340 млн сом керектелет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Ботаникалык бакка барды. Бактын жетекчилиги мурда аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле борбор калаанын бул уникалдуу жашыл аймагын сактоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти. Анын жыйынтыгында Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн 340 миллион сом талап кылынары аныкталды. Каражат жолдорду, жол өтмөктөрдү, сугат системасын оңдоого, бак-дарактын сейрек кездешүүчү түрүн сатып алууга сарпталмакчы. Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын абалын көрүп, маморгандарга каржылоо маселесин чечүүнү тапшырды.
Тарыхты кайра жазууга, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдиги тууралуу тарыхты өчүрүүгө аракет кылып жаткан күчтөр бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов билдирди. Ал мындай пикирин Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышында айткан."Тарыхты муундан-муунга, жаштарга айтып, өткөрүш керек. Бул процессти азыр үзгүлтүккө учуратып койсок, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, маңкуртка айланып кетебиз. Буга жол бербешибиз керек", — деген мамкатчы. Бишкекте өтүп жаткан иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн 200дөй адам катышууда. Анын ичинде музей жетекчилери, окумуштуулар, жазуучулар жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бар.
Венгрия ТИМинин жетекчиси Петер Сийярто Польша премьер-министри Дональд Тусктун "Түндүк агым" газ түтүктөрүнүн жардырылышы боюнча айткан сөзүнө нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады. Белгилей кетсек, Туск "Түндүк агым" түтүктөрүнүн маселеси "анын жардырылышында эмес, курулушунда" экенин билдирген. "Айран таң калтырат. Мындай билдирүү дагы эмнени жардырып суудан кургак чыгып кетсем деген ойду шарттайт. Бизге премьер-министрлери террорчуларды коргогон Европанын кереги жок", — деп жазган Сийярто. Эске салсак, Росси