Музейлердин айы: “Ачык эшиктер” — тарыхка жана маданиятка ачылган жол

Sputnik
1-30-октябрь күндөрү Кыргызстандагы бардык мамлекеттик музейлерде "Ачык эшиктер айы" өтүп жатат. Бул ай ичинде жарандар менен өлкөгө келген коноктор музейлерди акысыз кыдырып, туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөрдү, атайын экскурсияларды, лекциялар менен мастер-класстарды көрө алышат.Акциянын максаты — музейлерди элге жакындатуу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу. Ушуга байланыштуу биз Бурана археологиялык музей-комплексинин баяндамачысын, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин илимий үгүт бөлүмүнүн башчысын жана “Ата-Бейит” улуттук мемориалдык комплексинин илимий бөлүмүнүн башчысын чакырып маектештик. Маекте “Ачык эшиктер айынын” өзгөчөлүктөрү, музейлердин коомдогу ролу жана маданий мурастын мааниси тууралуу сөз болду.