Президент Садыр Жапаров 8-октябрда "Манас" эл аралык аэропортуна барып, реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери менен таанышканын президенттик администрациядан маалымдашты. Мамлекет башчысына "Кыргызстандын эл аралык аэропорттору" ААКтын жетекчиси 2023-жылдан бери сатып алынган жаңы техникаларды, учуп-конуу тилкесиндеги иштерди көрсөткөн. Андан соң Жапаров авиация кызматкерлери менен жолугуп, аэропорт бул Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы, өлкөбүздүн жүзү экенин белгилеген. Маалыматта "Манас" аэропортунда учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканы белгиленген. Ошондой эле жакынкы келечекте Борбор Азиядагы эң заманбап авиациялык хабдардын бирине айланарын кошумчалашты. Президент өлкөнүн аймактарында да ири иштер жасалып жатканына да токтолуп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири авиациялык долбоорлордун бири – "Жалал-Абад" эл аралык аэропорту боюнча иштер башталганын белгиледи.
Талас шаарында Мамлекттик ипотекалык компания 405 батирлүү 9 кабат үйлөрдү кура баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, президент Талас жана Нарын облустарында жеткиликтүү батирлер өтө аз экенин айткан. Андыктан кошумча үйлөрдү куруу чечими кабыл алынган."Талас шаарында тарыхта биринчи жолу 9 кабаттуу турак үйлөр курулууда. Бул үйлөргө лифтилер орнотулат. Бир, эки жана үч бөлмөлүү 405 батир болот. Андан тышкары, унаа токтотуучу жайлар да каралган", — деген президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев. Анын айтымында, Талас шаарында мындан башка да 319 батирден турган ипотекалык үйлөр салынууда. Алар кийинки жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилет.
Көчөдөн өтүп бараткан кызды ур-токмокко алган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Окуянын видеосу кечээ интернет айдынына жарыяланган. Милициянын маалыматына караганда тасма 7-октябрь күнү кечинде Бишкектин Тимур Фрунзе — Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Билдирмеде киши кызды жаткыра чаап, жолдун аркы бетинде турган унаага сүйрөп барганы айтылган. Окуяга күбөлөр ортого түшүп, кызды алып кетишкен. Тартип сакчылары киши менен кызды таап, милиция бөлүмүнө алып барышкан. 18 жаштагы кыз арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми 27 жаштагы кишиге протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Россиянын лидери Владимир Путин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. Аны Душанбедеги аэропорттон өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Путин II "Борбордук Азия — Россия" саммитине жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Мамлекеттик сапардын алкагында Россия менен Тажикстандын ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт. Эки өлкөнүн лидерлери ар түрдүү тармактардагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Ошондой эле сапардын алкагында Россия менен аймактагы өлкөлөрдүн соода-экономикалык, каржы, өнөр жай, логистика, энергетика жана башка тармактардагы кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү маселелери туурасында да кеп болот.