Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички баалоо жүргүзүүнү баштады. Атайын жумушчу топ түзүлүп, алгачкы этапта Стандартташтыруу жана метрология борборунун жана Кыргыз аккредитация борборунун иши изилдене баштады.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын ачык, жеткиликтүү жана сапаттуу түзүү иши кандай болорун Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов айтып берди.