Жусуп Абдрахманов жөнүндө тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылатАйыл чарба министрлиги таластык дыйкандардын төө буурчагын сатып алуудаУчурда шайлоого катышууга 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттүЖогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын 68и эркек, 38и аял талапкер. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, эгер округда шайлоого катыша турган талапкерлердин арасында бир жыныстагы гана талапкерлер болуп калса, анда мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөрүлөт. “Эгерде бир округда талапкерлердин бардыгы эркек же аялдар катталган болсо, шайлоону кайра өткөрүү каралган. Ушул күнгө карата биз байкагандай, 30 округдун баарында аял талапкер бар”, - деди ал. Ошондой эле БШК төрагасы кошумчалагандай, шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүү ниети үч партиядан да келип түшкөн. Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Таласта дыйкан-фермерлерден төө буурчак сатып ала баштады. Ведомствонун маалыматына караганда, бул дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлкөдөгү азык-түлүктөргө болгон бааларды туруктоо кармоо максатында жүргүзүлүп жатат. Учурда дыйкан-фермерлер үчүн бааны ыңгайлуу кармап туруу максатында Талас облусунда төө буурчакты сатып алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле алдыда картошканын баасы төмөндөп кете турган болсо, министрлик картошканы жергиликтүү дыйкан-фермерлерден ыңгайлуу баада сатып алуу иш-чараларын жүргүзө тургандыгын билдирет. Белгилей кетсек, мындай аракеттер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү жана керектөөчүлөргө азык түлүккө болгон бааны жеткиликтүү кармоо максатын көздөйт.
Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык тасма тартыларын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Анда Абдырахмановдун татаал тагдыры жана мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу чагылдырылат. "Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастинг өтүп, тартуу локациялары аныкталууда. Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдырахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат", — деп айтылган маалыматта. Белгилей кетсек, фильмдин режиссёру — Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Тартуу жумуштары Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын аймактарында өтөрү белгиленген.
АКШнын Республикачылар партиясынан Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Анна Паулина Владимир Зеленский ай сайын Сауд Арабиясынын аты аталбаган банкына 50 миллион доллар которуп турарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Зеленский ай сайын сауд банкына 50 миллион доллар каражат которуп турат экен. Кызык", — деген конгрессчи айым блогер Дэнни Жонс менен маектешип жатып.Анткен менен маалыматты кайдан алганын ачыктаган эмес. Буга чейин Зеленский Украинанын өзүнө курал-жарак чыгарууга акчасы жок экенин айтып, Батыштын жардамы кечигип жатканына нааразы болгон.