Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын аягында ачылатПутин согуш талаасында россиялык аскерлер артыкчылык кылып жатканын айттыМаданият министри менен РОссиянын Кыргызстандагы элчиси жолуктуРоссиянын элчиси Сергей Вакунов маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен кезиккенин элчиликтин маалымат кызматы кабарлады. Тараптар эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгындагы маанилүү аспектилер боюнча пикир алмашышкан. Вакунов Кыргызстанды “Номад” триосунун Москадагы "Интервидение" сынагына ийгиликтүү катышышы менен куттуктаган. Ошондой эле ал министрге 11-14-сентябрда Санкт-Петербургда өткөн маданият форумуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Анда тараптарды бириктирген тема Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы болгон. Элчи Россия Кыргызстан жетекчилигинин тарыхты сактоого жасаган аракетин жогору баалай турганын белгилеген. Тараптар форум руханий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, муундардын байланышын үзбөө, дүйнө элдеринин мурастарын коргоо, маданияттардын жана каада-салттардын өзгөчөлүгүн, көп түрдүүлүгүн сактоо маселелеринде чоң мааниге ээ деген пикирлерин билдиришкен.
Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Калаа башчынын айтымында, ишкана ноябрдын ортосунан баштап таштанды ала баштайт. "Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт өзүндө калат. Завод кубаттуулугун суткасына 750 мегаваттка чейин көбөйтөт", — деди Жунушалиев. Белгилей кетсек, буга чейин Борбор Азия аймагында мындай ишкана жок экендиги айтылган. Завод суткасына 1000 тонна акыр-чикирди кайра иштетери, келечекте анын көлөмүн 3000 тоннага жеткирүү пландалганы маалымдалган.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков мурдагы премьер-министр Феликс Куловго Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү кантип кармалганын айтып берген. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ага ылайык, кечээ шектүү кармалганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин ал министрге телефон аркылуу кат жазып, коомдо резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу маанилүү экенин белгилеген. Кийин министр ага чалып, кылмыштын бетин ачуу иштерин өзү жетектегенин, шектүүнү колго түшүрүүнүн чоо-жайын айтып берген. "Министрдин билдиришинче, "Коопсуз өлкө" системасында колдонулган атайын ыкчам-техникалык каражаттарды пайдалануу жакшы жардам берген. Шектүүнү Ысык-Көл облусунан тартып Бишкекке чейин сыртынан байкоого алып турушкан. Кармалганда эки кишини өлтүргөнүн мойнуна алган", — деп экс-премьер соцтармакка жазды. Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы кечээ кечинде маалым болду. Тараган маалыматтарда ал 19 жаштагы жигит экени айтылды.
Атайын операциянын аймагындагы стратегиялык демилге Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колунда кала берет. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин билдирди. "Учурда стратегиялык демилге толугу менен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн колунда турат", — деди Путин Түндүк-Батыш округуна барганда сүйлөп жатып. Быйыл Россия армиясы 212 калктуу пункт менен дээрлик беш миң чарчы чакырым аймакты бошоткондугун кошумчалады. "Быйыл биз беш миң чарчы чакырым аймакты, тагыраагы, 212 калктуу пунктуну жана 4 900 чарчы чакырым жерди бошоттук", — деген РФ лидери.