Ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземи өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышкан. Мамлекет башчысы долбоор төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланарына ишеним билдирген. Ири тоо-лыжа курортунун курулушу, инвестиция, аукциондун өтүшү тууралуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максутов маек курду.