Өлкөдө 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине жалпы 3 млн 150 миң тонна көмүр керектелгени жатат. Учурда "Кыргызкөмүр" ААК күз-кыш мезгилине активдүү даярдык көрүп, кампалар менен көмүр базаларын эрте толтуруу иштерин баштады. Мындан тышкары калкты үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн 140тан ашуун сатуу пункту уюштурулмакчы. Быйыл көмүрдүн баасы кандай? Өткөн жылга салыштырмалуу жогору болобу же төмөнбү? Көмүрдүн баасына көзөмөл качан башталат? Аймактарга жеткирүүдө кандай көйгөй жаралууда жана логистикадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай иш алып барылып жатат? Ушул жана башка собоолдорубузга "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коомунун директору Кайрат Маматов жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов жооп беришти