БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Россия президенти Владимир Путинди жеңебиз деп жатып акылсыздыктын чегине жетти. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Макаланын авторунун айтымында, буга АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү Украинага танк жөнөтүү боюнча алган жаңы милдеттенмелери далил болууда.
"Россияны тезирээк жеңүү далалаты кесепеттүү бурулушка кептейт. Батыштын Азиядагы, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы геосаясий оюндарына чекит койгон утулушу унутула элек... Бийлик акылсыздыктын чегине жетип, аскердик эскалация тынчтыкка алып баруучу жападан жалгыз жол болуп көрүнгөн учур — бардык өлкөлөр үчүн тарыхый сабак болушу керек", — деп эскертти баяндамачы.
Ал Украина боюнча саясатты кайра карап чыгууга жана жаңжалга НАТО күчтөрүнүн тартылышы кырдаалды ого бетер курчутарын түшүнүүгө чакырды.