БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РФ президенти Владимир Путиндин ден соолугу тууралуу Батышта айтылып жаткан жоромолдорго жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Италиялык "Медиасет" телекомпаниясына берген маегинде ТИМ башчысынан Путиндин саламаттыгы тууралуу Батышта жүрүп жаткан ар кыл сөздөргө түшүндүрмө сураган.
Анда Лавров мунун жообун Россиянын президенти Владимир Путин менен соңку убакта сүйлөшкөн чет элдик лидерлерден, анын ичинде БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштен алууга кеңеш берди.
"Эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнөсүздөр деп ойлойм", — деп кошумчалаган Лавров.