Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты

Турапова пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары боюнча айыпталып жатканы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Буга чейин кармалган Октябрь РИИБдин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-ноябрда чыгарды. Ал 18-январга чейин күчүндө болот.
Бишкектеги Октябрь райондук прокурорунун орун басары камакка алынды
Аскер прокуратурасы Турапованы шылуундукка шектелип кармалган А.Т. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүргөн. Ушул эле иштин алкагында буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уланбек Аалиев, башкармалыктын тергөө кызматынын башчысы Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалган.
Башкы прокуратура бул иш боюнча кыйноо, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары катталганын билдирген. Көзөмөл органдын версиясы боюнча, Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдары сотко чейинки өндүрүш учурунда алты баланын энеси А. Т. аттуу шектүүнү камайбыз деп коркутуп, пара талап кылышкан. Буга чейин жактоочулардын бири анын мыйзамсыз кармалышы боюнча тиешелүү адамдардын жазага тартылышын талап кылып митингге чыккан.