Тизмеде Түштүк Африка да бар. Кыргызстандын балын жеген өлкөлөр

Өлкөдө өндүрүлгөн балды алган мамлекеттердин ичинде Россия, АКШ, Кытай өңдүү ири державалар, алыскы өлкөлөр дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь-сентябрь айларынан бери Кыргызстандан кеминде эле 24 өлкө бал сатып алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.
Жалпы жонунан 1 миллион 263,1 миң долларга 291,5 тонна бал экспорттолгон. Көлөмү жагынан алганда былтыркы жылга салыштырмалуу аз (325, 1 тонна). Бирок быйыл бул азык кымбат (1 миллион 135, 1 миң доллар) сатылды.
Кыргызстандын балын сатып алган мамлекеттер:
Мындан сырткары, Ирландия менен Канадага бал чыгарылган. Канча кеткени так көрсөтүлгөн эмес, бирок 1,2 миң доллар деп бааланган.
Маалыматта 0,7 тонна бал экспорттолгону айтылып, бирок кайсы мамлекеттерге кеткени жазылган эмес.