БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы акыркы суткада 52 кишиден аныкталганын Республикалык штаб жазды.
Ооругандар:
Баш-аягы ооругандар 181 882 болду.
Бир сутка ичинде 61 адам айыгып, ушуну менен сакайгандар 176 246га жетти.
Акыркы суткада үч киши көз жумду, алар вакцина албагандар экени белгиленүүдө. Пандемия 2 689 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Стационарда 604 киши, амбулатордук түрдө 816 адам дарыланып жатат.
Ал эми өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 1 664 адам өттү, анын ичинен 915и биринчи дозаны, 749 киши экинчи компонентти алган. Жалпысынан вакцина алгандар бир миллиондон ашты, анын тең жарымы эки дозаны толук алгандар.