Радио

Акиева: сырьёго алты ай мурда заказ берүүгө мажбурбуз

Ишкер Жыпара Акиева пандемиядан кийин жеңил өнөр жай тармагы кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө жеңил өнөр жай бизнеси жакшы жолго коюлуп, тездик менен өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Бирок пандемиядан улам ишкерликтин бул багытында да олуттуу көйгөйлөр жаралды. Бул тууралуу Жыпара Акиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пандемиядан бери сырттан кирген сырьёлор бажыда айлап кармалып калып жатат.
"Пандемия бизнестин бардык эле тармактарына кедергисин тийгизди. Бирок ошонун ичинен бат өзүн колго алып, кайрадан жандана баштаган тармак — бул жеңил өнөр жайы. Азыр эми чек аралар ачылып, экспорт жолго коюлуп калды дегенибиз менен олуттуу көйгөйлөр жок эмес. Мисалы, сырьё импорттоодо айлап күтүп калып жатабыз. Анткени бажыда товарлар узак убакытка кармалып калууда. Андыктан биз күздө тигилүүчү товарларга керектүү сырьёго жазында буюртма бергенге мажбурбуз. Кармалган товарлардын качан чыгары тууралуу, эмне себептен мындай болуп жатканы боюнча Бажы кызматы же мамлекеттик кайсы бир орган бизге маалымат бере албайт экен. Ошентип импорт жаатында көйгөйлөр бар. Качан жолго коюларын да билбейбиз, — деди Акиева.
Ишкер сөз болуп жаткан компания Кыргызстандан Россияга эң көп көлөмдө товар экспорттой турганын жана импорт маселеси чечилсе ЕАЭБдин башка да өлкөлөрүнө экспорт боюнча аракеттерди көрүшөрүн кошумчалады.