Кытайда дарыгерге барган аял эркек экенин билди

Келбети аялдыкы болгону менен биологиялык жактан эркек болуп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кытайда медициналык кароодон өткөн аял эркек экенин билди. Бул тууралуу Asia One порталы жазды. 

Ташиева: бойдон алдыруунун коопсуз түрү да бар
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы аял бир жыл мурда турмушка чыгып, боюна бүтпөй келген. Дарыгерге кайрылып анализдердин жыйынтыгына аябай таң калган.

Келбети аялдыкы болгону менен ал биологиялык жактан толук эркек болуп чыккан. Анын организминде эркектин урук бездери бар экени аныкталып, уруктук жумурткалары өрчүбөй калганы белгилүү болгон.