Басып-туруп чай ичпе! Кош бойлуулар үчүн кофеиндин зыяны далилденди

Кош бойлуу аялга күнүнө болжол менен 1-2 чыны кофе же 2-3 чыны чай ичүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кофе менен чайдын курамында болчу кофеин заты курсактагы түйүлдүктү кичирейтет. Бул тууралуу American Journal of Clinical Nutrition илимий журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн ирландиялык окумуштуулар 941 энени балдары менен кошо иликтеп көргөн.

"Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында кабыл алынган кофеиндин ар бир 100 миллиграммы түйүлдүктү салмагынан 72 граммдан кемитип турат. Мындан тышкары, кофеин анын боюна жана башынын көлөмүнө дагы чоң таасир этет", — деп жазылган макалада.

Дем алыш күндөгү узак уйкунун зыяндуу жактары айтылды
Жыйынтыгында чай менен кофени көп ичкен аялдардын балдары башкалардыкынан орто эсеп менен 170 грамм кичирээк болуп төрөлөрү айкын болгон.

Бирок адистер ашыкча кофеин баланын көлөмүнө гана эмес, ички органдарына дагы терс таасир тийгизерин айтышты.

Баса, кош бойлуу аял кабыл алган кофеиндин көлөмү күнүнө 200 миллиграммдан ашпашы керек. Бул болжол менен 1-2 чыны кофе же 2-3 чыны чай.