Бишкектеги өкмөттүк трассада эки жолтандабас кагышты. Видео

Жол кырсыгы 22-ноябрда саат 2.30дар чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Горький көчөсү менен кесилишкен аймагында болгон.
Sputnik

Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына кырсык болгондон кийин тартылган видеону жиберди. Анда Lexus LX 470 жана Toyota Land Cruiser унаалары кырсыктаганын көрүүгө болот. Күбөнүн айтымында, жабыркагандар жок.

Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Тез жардам кызматы аталган дарекке чакыруу болбогонун билдиришти.