Испаниянын Тенерифе курорттук аймагында деңиз жээгинде жайгашкан мейманкананы каптап, балкондорун шыпырып кеткен толкундун видеосу интернетке жарыяланды.
Маалыматта бул аймактагы деңиздерде алай-дүлөй болгон катуу шамал жүрүп жатканы айтылат. Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, узаган жекшембиде толкундун бийиктиги алты метрге чейин көтөрүлгөн. Деңиз жээгиндеги аймактар тосулуп калган.
Валенсия жана Аликанте шаарларында кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланды. Метеорологдордун божомолу боюнча жакынкы күндөрү Канар аралдарында аба ырайы бир аз турукташа баштайт.