Дүйнөдөгү эң мыкты сыр тандалды

Сырды аныктоодо анын сырткы көрүнүшүнө, нымдуулугуна, майлуулугуна, өңүнө жана тыгыздыгына маани берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк World Cheese Awards аттуу Норвегияда өткөн сыр бышыруу боюнча эл аралык конкурста эксперттер эң мыкты сырды аныкташты.

Адистер 41 мамлекеттен келген сырдын 3472 түрүнө талдоо жүргүзүшкөнүн Euromag басылмасы жазды.

Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
Биринчи орунга Норвегияда жасалган фанауст сыры татыды. Андан кийинки орунду эчки сүтүнөн жасалган хельфейт сыры алды.

Сырды аныктоодо анын сырткы көрүнүшүнө, нымдуулугуна, майлуулугуна, өңүнө жана тыгыздыгына маани берилген.

Буга чейин адистер дүйнөдөгү эң кымбат азык-түлүктөрдүн тизмесин түзгөн болчу.