Ноокатта коронавирус аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган адам Оштон. Коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Улгайган адам коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Абалы оорлоп, жүрөгү кармап каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкан кыргызстандыктардын саны экиге жетти. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында COVID-19 аныкталган 61 жаштагы бейтап көз жумган. Анын кант диабети оорусу бар экени айтылган болчу. 

Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вирус аныкталган бейтаптардын арасында тогуз дарыгер бар.

Өлкө аймагында ушу тапта эмне болуп жатканын тексттик баяндамадан билсеңиз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0