12:00 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Россия
Кыскача шилтеме алуу
988 0 0

Шаар мэринин орун басарынын айтымында, курулуш тармагында иштегендердин саны үч эсе азайып, бирок маяна көбөйүшү керек.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Москва шаарынын бийлиги келечекте курулуш тармагындагы чет өлкөлүк жумушчу күчтөн баш тартууга ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү вице-мэр Андрей Бочкарев РБКга берген маегинде жасаган.

Ал белгилегендей, учурда жумушчулар жана инженер-техниктер жетишсиз. Анткени Москвада мынчалык массалык түрдө курулуш жүргөн эмес. Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги 40 пайызды түзүүдө. Азыр негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандан келген мигранттар иштешет.

Бочкарев ошондой эле мегаполистеги курулуштарда мурда 120 миң адам иштесе, азыр 40 миңдей киши болушу мүмкүн экенин айтты. Вице-мэр мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рублди түзөрүн, көпчүлүгү "80 миң маянага да иштегиси келбей турганын" айтты.

"Мындай абалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Кытайдагы жумушчулардын айлык акысы рубль менен эсептегенде орточо 150 миң, финляндиялык жумушчу үчүн 240 миң, Улуу Британияда 250 миңди түзөт. Сырттан жумушчу алып келишпейт. Мен курулуш комплексиндеги кесиптештеримдин жана подрядчылардын алдына Москвадагы курулуш объектилеринде чет элдик жумушчу күчү жок иштөөгө мүмкүндүк берүүчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын койдум", — деди Бочкарев.

Ал курулуш процессине үч эсе аз адам болушу керек деп эсептейт. Ал эми алардын айлыгы эки, ал тургай үч эсе көп болушу зарыл. Мындай учурда эки эсе тезирээк куруу керек.

Тема боюнча

Россиядагы мигрант медкамсыздандырууну кантип толтурушу керек. Видеонускама
Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди! ИИМдин эскертүүсү
Белгилер:
Москва, миграция, план, курулуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ