Россия 2030-жылга чейин мигранттарды тартуу үчүн кандай аракет көрөрүн айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбург аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив
Екатеринбург аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
COVID-19 пандемиясы күч алып кетпесе, Россия алдыдагы он жылдын ичинде мигранттарды тартуу үчүн жакшы шарттарды түүзүп берерин билдирди.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдө мигранттардын саны өсүп, улуттук программалардын туруктуу ишке ашышына шарт түзүлөт деп үмүт артууда. Маалымат РФтин Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.
Документте айтылгандай, Россия келечекте коомго бат аралашып кете турган чет элдик адистерди тартуу жолу менен мигранттардын санын жогорулатууну көздөп жатат.
"Ал үчүн Россия өзү кам көрөт. Мисалы, чет элдиктердин Россияда билим алышына шарттар түзүлөт. Социалдык-маданий жактан бат көнүп кетүү үчүн аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаш жана таланттуу кадрларды тартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттар каралат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мигранттар көп келчү өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0