Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы климатка аярлап мамиле кылуу, аны сактоо адамзаттын жалпы милдети экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү 2060-жылга пландап жатат. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Россиянын энергетикалык жумалыгында сүйлөп жатканда билдирди.
"Кошумчалай кетсем, Россия иш жүзүндө өзүнүн экономикасында көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө умтулуп жатат. Биз конкреттүү багытты алдык, ал 2060-жылдан кеч болбойт", — деген өлкө башчы.
Мамлекет жетекчиси климатка аяр мамиле кылуу, аны сактоо адамзаттын жалпы милдети экендигин белгилеген.
Көмүр кампасындагы жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Көмүр капчыктарды жылытабы? Россиялык отун Европага эмнеге кымбатка түшүүдө
"Албетте, алдыда мамлекет коомдук бирикмелерди, компания жетекчилерин, ар кыл багыттагы адистерди тартып, жасай турган татаал, кыйын иш турат", — деген Путин.
Буга чейин РФтин Мамлекеттик Думасында Европа биримдиги тарабынан Россияга болчу көмүртек салыгы туурасындагы маалыматка комментарий беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0