Путин газды Россия курал катары колдонуп жатат деген айыптоого жооп берди

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГаз клапаны. Архив
Газ клапаны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Өлкө башчы Россиянын энергетикалык жумалыгында сүйлөп жатып, РФ көгүлтүр отту башкача максатта колдонуп жатат деген сөздөргө пикирин билдирди.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Россия газды курал катары колдонуп жатат деген айыптоолорду болбогон кеп, жөөлүгөндүк жана саясий жактан такшалбагандардын куру сөзү деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Интернетке кирсең эле жетиштүү. Ал жакта баары бар, силер Россияны энергетикалык ресурстарын курал катары колдонуп жатат деген айыптоо боюнча айтып жатасыңар. Бул болбогон кеп, жөөлүгөндүк жана саясий жактан такшалбагандардын куру сөзү. Анын эч кандай негизи да, олутуу нерсеси да жок", — деди мамлекет башчы.
Бул туурасында Путин Россиянын энергетикалык жумалыгында сүйлөп жатканда билдирүү жасаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0