Россияда Мамдума шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы чыкты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМосквадагы шайлоо участогунда урна
Москвадагы шайлоо участогунда урна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш, бир мандаттуу округдан тогуз партия мандатка жетти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча "Единая Россия" партиясы добуштардын 47,11 пайызын алып алдыда бара жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Соңку маалымат боюнча протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш пайыздык босого чектен өткөн саясий уюмдар төмөнкүлөр:

  • "Единая Россия" — 47,11 пайыз;
  • КПРФ — 20,93;
  • ЛДПР — 7,91;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 7,54;
  • "Новые люди" — 5,78.

Ал эми бир мандаттуу округдан тогуз партиянын өкүлдөрү мандатка жетери күтүлүүдө:

  • "Единая Россия" — 188;
  • КПРФ — 15;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 6;
  • "Самовыдвиженцы" — 5;
  • ЛДПР — 1;
  • "Яблоко" — 1;
  • "Гражданская платформа" — 1;
  • "Коммунисты Россия" — 1;
  • "Родина" — 1.

Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо регионалдык жана муниципалдык деңгээлде 17-сентябрдан 19уна чейин өттү. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0