Бюллетендерди топтоп салгандыктан аймактык комиссиянын жетекчилери бошотулду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРабота Информационного центра ЦИК РФ
Работа Информационного центра ЦИК РФ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Памфилова Ставрополдогу аймактык шайлоо комиссиянын жетекчисин бошотууну талап кылды, себеби алар байкоо салуу үчүн атайын орнотулган камераны чүпөрөк менен жаап салышкан.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россияда бюллетендерди топтому менен салган факты кездешкендиктен аймактык шайлоо комиссияларынын башчылары бошотулду. Бул тууралуу РФтин БШКсынын төрайымы Элла Памфиловага таянып РИА Новости жазды.

Голосование на выборах в Госдуму РФ на избирательном участке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт
Адыгей Республикасынын, Брянск жана Кемеров облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери кызматынан кеткен.

БШК бул учурга карата алты аймакта бюллетенди тобу менен салуу болгондугун айтты. Жогорудагы аймактардан сырткары Иванов, Москва жана Саратов облустарында да мындай учурлар катталган.

Памфилова Ставрополдогу аймактык комиссиянын жетекчисин бошотууну талап кылды, себеби алар байкоо салуу үчүн орнотулган камераны чүпөрөк менен жаап салышкан.

"Мындай иштерди кылгандар түрмөгө отурбаса... анда эмне кылышты билбейм", — деп кошумчалаган төрайым.

Эске салсак, аталган шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын тандоодон сырткары аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

Төмөнкү палатанын өкүлдөрү аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0