Лавров: АКШ Россиядагы шайлоолорго кийлигишип жатканын тастыктап бердик

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүГосдумага шайлоо тууралуу баннер
Госдумага шайлоо тууралуу баннер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Россияда 17-19-сентябрь күндөрү парламенттик жана башка шайлоолор болот. Өлкө бийлиги добуш берүүгө АКШ кийлигишип жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Москва расмий Вашингтонго АКШнын Россиядагы шайлоолорго кийлигишкенин тастыктаган маалыматтарды берип, эми жооп күтүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан бул көйгөйдү талкуулоо үчүн Смоленская-Сенная аянтына чакыртылды.

"Маалыматтарды ага бердик. Ал жерде өтө олуттуу көйгөй турат. Эми АКШлык кесиптештерден жооп күтүп жатабыз", — деди Лавров.

Министр кеп айрым чет элдик интернет-платформалардын тыюу салынган контенттерди алып салуудан баш тартканы тууралуу болуп жатканын айтты.

Встреча вице-президент США Джозефа Байдена и министра иностранных дел РФ Сергея Лаврова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Лавров: Байдендин башка өлкө ишине кийлигишпейли деген сунушун колдойбуз
"Майда-чүйдөсүнө чейин айта албайм. Негизгиси чет элдик платформалардын тыюу салынган контенттерди алып салуудан баш тартканы тууралуу сөз болду. Биз фактыларды берип, АКШ элчиси аны маалымат катары кабыл алып, текшерип чыгабыз деп убадалады. Ошол эле учурда ал кимдир бирөө Россиянын мыйзамдарын бузуп жаткандыгы боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады", — деди министр.

Ал эми Кошмо Штаттардан Салливан россиялык кесиптеши менен орус-америка мамилелерин турукташтыруу боюнча сүйлөшкөнүн кабарлады.

Эске салсак, Россияда 17-19-сентябрь күндөрү парламенттик жана башка шайлоолор болот. Мамлекеттик думанын депутаттары аралаш система менен шайланат. 225и партиялык тизме аркылуу келсе, дагы ошончо адам бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0