Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Россиялык адис өзү иштеген мектепте Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жарандардын балдары билим аларын айтты.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Россияга мигранттардын орус тилин таптакыр түшүнбөй келген мектеп жашындагы балдары тилди 2-3 жылдын ичинде өздөштүрүп алат. Бул тууралуу Москвадагы №1186 Муса Жалил атындагы мектептин методисти Борис Литинский РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.

Ал өзү иштеген мектепте Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жарандардын балдары билим аларын айткан.

"Россиядагы бала бакчада тарбияланган балдар мектепке келгенде тил жагынан көйгөй болбойт. Даярдыгы жок келсе, кенже класстын окуучуларына орус тили боюнча кошумча сабактар өтүлөт. Тилди жогорку класстын балдары баарынан тез өздөштүрүшөт. Анткени алар алдыда мамлекеттик экзамендер, ЖОЖ турганын жакшы түшүнөт", — деди Литинский.

Ошондой эле адис балдар орус тилин 2-3 жылдын ичинде өздөштүрүп, кээ бирлери коомдук жайларда тилди жакшы билбеген ата-энелерине котормочу дагы болуп каларын айтты.

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, РФтин мектептеринде мигранттардын 140 миң баласы окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0