2,5 миң доллар алып из жашырган. Издөөдө жүргөн кыргызстандык Россиядан кармалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Эркек кишиге үч жыл мурда эл аралык издөө салынган. Ал 2018-жылы апрелде Ош шаарынын тургунунан 2,5 миң доллар алып качып кеткен.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россиянын кыштактарынын биринен полиция кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 65 жаштагы кыргызстандык киши кармалды. Бул тууралуу РФтин "Лен ТВ24" телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн адам Ленинград облусунун Ломоносов районундагы Разбегаево айылынан кармалган.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
№1 тергөө абагынан качып кеткен соттолуучу Теңдик конушунан кармалды
Эркек киши үч жылдан бери эл аралык издөөдө экени айтылды. Ал 2018-жылы апрелде Ош шаарынын тургунунан 2,5 миң доллар алып бербей койгон.

Шектүү ошол жылы 11-июнда дайынсыз жоголуп, 20-июнда ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 47 региондон изделген, ошол эле учурда Санкт-Петербург менен Ленинград облусунун аймагында каттоосу болгон эмес.

Кармалган адам полиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул боюнча ыкчам кызматкерлер Кыргызстандын укук коргоо органдарына кабар берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0