Россияда 1 млн. рублден жогору айлык алган адистер бар. Алар кимдер?

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБизнес форумдун катышуучулары
Бизнес форумдун катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Россиянын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 17 104 киши 1 миллион рублден жогору айлык алат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россияда 1 миллион рублден жогору айлык алгандар бар. Алар ири компанияларда жетекчилик кызматта иштегендер жана экспаттар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россия ишкерлеринин укугун коргоо боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Борис Титов билдирди.

Россиянын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 17 104 киши 1 миллион рублден жогору айлык алат. Алардын ичинен 9 167 киши айына 1-1,5 миллион, 5 326 киши —1,5-3 миллион, 2 609 — 3 миллион рубль иштеп табат.

"1 миллион рубль бул 12 миң доллар. АКШ же Европа өлкөлөрүнө салыштырганда бул анча деле көп эмес. Россияда көп айлык алгандардын басымдуу бөлүгү экспаттар жана ири бизнесте жүргөндөр. Бирок бул адистер жөн жерден эле мынчалык айлык албайт. Демек, жоопкерчилиги ошончолук жогору", — деди Титов.

Экспат — бул иштөө үчүн чет өлкөгө кеткен адам. Бирок ал мигранттан айырмаланып, кара жумушка эмес, атайын чакыруу менен барган жогорку квалификациядагы адис. Алар көбүнчө жетекчилик кызматтарды ээлешет.

Ал эми Кыргызстанда жогорку айлык 55 миң сомдон башталат, бирок аны өлкөдө 10 миңге жакын гана адам алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0