Россияда бензиндин баасы бир жылдан бери биринчи ирет төмөндөдү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Россияда бир жылдан бери биринчи ирет бензиндин баасы төмөндөгөн. Ал эми Кыргызстанда жакынкы күндөрү 1,5-1,6 сомго көтөрүлүшү мүмкүндүгү кабарланды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бир жумада, 30-августтан 6-сентябрга чейин, Россияда чекене баада сатылган бензиндин баасы түштү. Бул туурасынла РИА Новости Росстаттын маалыматтарына таянып жазды.

Орто эсеп менен алганда бензин 15 тыйынга арзандаган, тагыраагы, бир литри 48,93 рубль, ал эми дизель майы 50,62 рубль болгон.

Эгерде үлгүлөрү боюнча айтсак, АИ-92 17 тыйынга түшүп 45,99 рубль, АИ-95 16 тыйынга түшүп 49,82 рубль, АИ-98 сегиз тыйынга төмөндөп 57,57 рублди түзгөн.

Цистерналар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
Энергетика министрлигинин билдиргенине караганда, сентябрдын биринчи аптасында күйүүчү май рыногу балансталган абалда туруп, баа боюнча кырдаал жакшыра баштаган. Мунай заттарын иштеп чыгуучу бир катар заводдордун оңдолуп жатканына карабай, мунай компаниялары ички рынокту май менен камсыздоо милдетин аткарган. Биржадагы сатыктын көлөмү Федералдык монополияга каршы кызматтын ченемдеринен бир топ жогорулаган.

Кыргызстанда абал кандай?

Кыргызстанда мунай заттарынын наркы бир жылда болуп көрбөгөндөй өстү.

Бензиндин баасы дагы 1,5-1,6 сомго көтөрүлүшү мүмкүн экендигин Sputnik Кыргызстан радиосуна Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Былтыр, 2020-жылдын 9-сентябрында, АИ-92 деген бензиндин наркы 33,4 сом, АИ-95 бензини – 37,4 сом, дизель майы 34,5 сом эле. Быйылкы, 2021-жылдын 9-сентябрындагы маалыматтарда, АИ-92 бензининин наркы 56,5 сом, АИ-95 бензининин баасы 61,5 сом, дизель майы 51,5 сом болду.

Эсептей келгенде бензин орто эсеп менен бир жылда кеминде 23 сомго кымбаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0