РФ элчиси: талибдер менен "Ислам мамлекетинин" ортосунда кармаш жүрүүдө

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүМехтарлам под контролем запрещенной в РФ организации "Талибан"
Мехтарлам под контролем запрещенной в РФ организации Талибан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Россиянын Афганистандагы элчиси талибдер үчүн терактынын кайталанышы керек эместигин айтып, алар ИГИЛ* кыймылы менен катуу күрөшө турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети"* (ИМ) террордук кыймылы Кабулдун аэропортунда теракт жасоо менен АКШга эмес, талибдерге чакырык таштады. Эки кыймылдын ортосунда күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Күрөш элдешкис. Эгер аэропортто чындап эле "Ислам мамлекетинин" мүчөсү болсо, анда ал чакырыкты АКШга эмес, талибдерге таштады. Анткени талибдер Афганистан үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышкан", — деди элчи.

АКШнын аскери Кабулдагы эл аралык аэропортто - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Кабулдагы терактыдан кийин АКШ Афганистанга абадан сокку урду
Жирнов талибдер Россияда тыюу салынган ИМ кыймылына каршы катаал чара көрөрүн айтып, аларга терактынын кайталанышы керек эмес деп белгилеген. Азыркы тапта Малайзиянын эки согушкер жараны кармалганы кошумчаланды.

Эске салсак, 26-августта Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болгон. Анын бири чет элдиктер (АКШ жана Улуу Британия жарандары) чогулган Baron отелинин жанында жаңырган. Жан кечти террорчу бул ишти жасагандан кийин эле мина коюлган автоунаа да жарылган.

Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, 100дөй адам өлүп, 150гө чукул киши жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0