"Бир эле ракета жетиштүү". Россиялык флоттун жаңы жабдуусунун дарамети

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРоссиялык крейсери. Архив
Россиялык крейсери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Россиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери жана суу түбүндөгү кайыктарынын сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү арттырылат. Жакында эле РФ Коргоо министрлиги гипер үндүү "Циркондор" боюнча Машина куруу илимий-өнөр жай бирикмеси менен келишим түздү.

Алар РФ флотуна келерки жылы тапшырылары күтүлүүдө. Кемеге каршы гипер үндүү сериялык ракетанын дүйнөдөгү алгачкы карлыгачы жана ага Батыштын реакциясы туурасында РИА Новости сайтына жарыяланган Андрей Коцтун макаласында.

Узап бараткан айдын ортосунда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командачылыгынын башчысы Чарльз Ричард космостук коргоо боюнча жыл сайын өтүүчү симпозиумда россиялык гипер үндүү технология НАТО үчүн олуттуу чакырык экенин моюнга алды. Анын айтымында, "Циркон" Россиянын Аскер-деңиз флотун деңиздеги болжолдуу куралдуу жаңжалда айныгыс (талашсыз) артыкчылык берет.

"Жердеги жана космостогу датчиктерибиздин азыркы тутуму бул ракеталарды аныктап жана изине байкоо сала албайт, — деп белгилейт Ч. Ричард. — Россия гипер үндүү технологиялар боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкө экенин моюнга алуу абзел. Ал жакта жогорку ыкчамдыкта пландоочу учуучу глайдер аппараттарын иштеп чыгууга бир топ каражат жумшалууда. Эгер биздин коргоо өнөр жай ишканаларыбыз тез арада аларга кантип каршы турууну ойлоп табышпаса, НАТО өлкөлөрүнүн флотторунун кемелери алсызданат".

Ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
Батыш аскерлери, саясатчылары, журналисттер "Циркон" жөнүндө тынбай кеп кылышат. Куралдын сыноолору ийгиликтүү өтүшү Түндүк атлантикалык альянсты олуттуу түрдө чочулатат. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби өзөктүк жабдуу мүмкүнчүлүгү бар россиялык гипер үндүү комплекстерди "кыйла кооптуу, бүлгүн салуучу фактор" деп атаган. Анын пикиринде, Кошмо Штаттарда мындай куралдар өзөктүк эмес вариантта гана иштелип чыгат. Мындай ойду Вашингтондогу Россия элчилиги да кулак сыртынан кетирбеди. Дипломаттар Кирбиге өзөктүк курал бөлүгүсүз гипер үн – албетте жакшы, бирок Россия көңүл бөлүүгө аргасыз болгон маселелер да бар. Мисалга. Европада ракета коё берүүчү орнотмолор жайгаштырылган.

Буга Кремль да үн катты. "Эсиңиздерде болсо, Владимир Путин бул темалар боюнча көп айтып келет, — дейт РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. — Ал соңку он жылдыктарда, ал тургай андан узак мезгил, тилекке каршы, биз стратегиялык коопсуздуктун бардык документтик тутумун баскычтуу бузулушуна кабылып келебиз. Мындан сырткары иш жүзүндө азыркы паритетке зыян келтирген Кошмо Штаттар жана НАТОнун белгилүү бир кадамдарына күбөбүз". Бул коопсуздукту камсыздоо үчүн чара көрүүнү талап кылган. "Циркон" — ошолордун бири.

Кармай турган курал жок

Канаттуу ракетанын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жашыруун сыр, ошентсе да коомго белгилүү мүнөздөмөлөрү жок эмес. Рекорддук ылдамдыгы бар, саатына он миң чакырымдан ашуун же тогуз Махтын тегерегинде. Багынтчу ыраактыгы — миң чакырым. Марштык тилкеде абанын каршылыгы анчалык жогору эмес – 30-40 чакырым бийиктикте учат. Курал бөлүгүн массасы 450 килограммдын тегерегинде.

"Батыш өлкөлөрүнүн флотторунун "Цирконду" кармай алчу абадан коргонуу каражаты жок, — деп түшүндүрөт Россиядагы Эл аралык курал соодасын талдоо борборунун директору Игорь Коротченко. — Алардын кемелик зениттик ракеталык комплекси үнгө чейинки жана үндөн ыкчам кемеге каршы коргонуучу ракеталарга ылайыкталган, анткен менен гипер үндүн алдында таптакыр алсыз.

Ал эми ок атуу аралыгынын алыстыгы россиялык кемелерге иш жүзүндө жаңжалдашкан аймакка баш бакпастан эле суу бетиндеги жана жердеги буталарын жок кылууга шарт түзөт. Бул табылгалардын сериялык өндүрүшү башталгандан тарта россиялык флоттун алдыга арышы чоң". Эң башкысы "Циркондорду" П-800 "Оникс" жана "Калибр" ракетага каршы тутумдары учурулган орнотмолордон деле коё берүүгө болот.

АКШнын AGM-183A гиперүндүү ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Теорияга ылайык "Буян-М" жана "Каракурт" долбоорлорунун чакан ракеталык кемелери да ташуучу болушу ыктымал. Ошентип, авиаташуучуга кымындай вымпелдер да коркунуч жарата алат. Суу чегинен төмөн жерге бир эле ракетанын тийиши сууда сүзүүчү аэродромду иштен чыгарып коё алат.

Душман кемелерине сокку уруучу комплексти жакында эле Түндүк флоттун масштабдуу окууларында сыналган автоматташтырылган жаңы башкаруу тутуму мээлейт. "Известия" басылмасы РФтин аскердик мекемесиндеги булактарга таянуу менен ошол машыгууларда Ту-142 чалгындоочу-кайыкка каршы учактарынын эки экипажы шарттуу душман тууралуу маалыматтарды вымпелдерге кабарлап, жүздөгөн чакырым аралыктан ракетаны мээлешти. Ошону менен бирге эле автоматташтырылган башкаруу системасы кыйла маанилүү буталарын аныктап, туура келген куралды тандаган. Келечеги көптү үмүттөндүргөн "Циркондордон" тышкары, системанын башкаруусундагы кемелер мурдагы муундун канаттуу тутумдары, анын ичинде "Яхонт", "Вулкан" жана "Калибрди" да пайдалана алат.

"Граниттердин" ордун басып...

Гипер үндүү ракеталар долбооруна Россияда 2010-жылдары бекем купуялуулук менен киришкен. Кеңири коомчулукка 2018-жылы бул долбоор тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирген. Ушул убакытка дейре суу бетиндеги жана суу түбүндөгү ташуучулардан тогуз ирет коё берилген, алардын баары ийгиликтүү өткөн. Быйыл күздө "Северодвинск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы ок атып, сыноолор жыйынтыкталат. Россиянын Коргоо министринин планында "Циркон" 1980-жылдардын жарымынан бери колдонулган, эскилиги жетип калган П-700 "Гранит" суу түбүндөгү кемеге каршы ракеталарын акырындап алмаштырат.

Испытание новой баллистической ракеты «Сармат» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп
Сокку уруучу жаңы комплекс 22350 долбоорунун фрегаттарын, 1144 долбоорунун "Петр Великий" жана "Адмирал Нахимов" оор атомдук крейсерлерин, алар менен бирге эле 885М жана 949АМ долбоорлорунун суу түбүндөгү көп буталуу атомдук кайыктарын жабдыйт. Биринчилерден болуп "Циркон" РФ Түндүк флотунун вымпелдерине тиет.

Ошондой эле бул НАТОнун абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын алсыз кылган жалгыз курал эмес. РФтеги бул тармак пландоочу гипер үндүү аскердик блок менен жабдылган "Авангард" комплекси, ошону менен бирге эле аэробаллистикалык "Кинжал" менен да куралданган.

Булардан тышкары душмандын жээктериндеги инфраструктурасынын аскердик-деңиз базалары жана объектилерин жок кылууга багытталган өзөктүк торпеда – суу түбүндөгү киши тескебеген "Посейдон" аппаратын сыноолору да уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0