"Талибан"* кооптуулук туудурса, Россия четте карап турбайт. Маек

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүФедерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров. Архив
Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Россия  "Талибандын"* бийлигин кандай шартта таанышы мүмкүн жана коопсуздук маселелеринде коңшу мамлекеттерге кантип жардамдашары тууралуу Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров айтып берди.

15-августта Афганистанда бийлик алмашып, "Талибандын"* согушкерлери Кабулдагы президенттик ордону ээледи. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 17-августта Россия калган бөлөк өлкөлөр сымал эле талибдерди таанууга ашыкпастыгын билдирди. Россия консулдугу Афганистандын аймагында иштөөсүн улантат.

Россия талибдер менен диалог курууну пландайбы? Жакынкы чет өлкөдөгү коңшу өлкөлөрдүн чек араларын коргойбу? Афганистандан Борбор Азия жана Европага бет алчу качкындардын агымына кандай чара көрүлөт? Ушул суроолорго жоопту Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаровдун YouTube каналыбызга курган маегинен таба аласыздар.

"Кырдаал жөнгө салынышы керек"

"Талибандын"* өкүлдөрү 17-августта Кабулда алгачкы басма сөз жыйынын өткөрүп, маңзат трафигине каршы күрөшөрүн жана өлкөнү "баарына бирдиктүү" кылып курарына ынандырышты. Мурдараак талибдер аялдарга окууга жана иштөөгө уруксат берүүнү убада кылып, ошондой эле аларды болочок өкмөттүн ишмердигине катышууга чакырган. Бул ниеттердин баары жакшы, туура экенин белгилейт Владимир Джабаров. Бирок анын пикиринде, талибдердин бийлиги чындап светтик болоруна дүйнөлүк коомчулуктун жана Россиянын ынануусу үчүн убакыт зарыл. "Кырдаал кандай нук аларын түшүнүү зарыл, - деди Джабаров Sputnik агенттигине курган маегинде. – Кабул жана башка ири борборлордо тартипти жөнгө салуу үчүн бийлик органдары чындап пайда болушу абзел. Антпесе, ким менен сүйлөшүү жүргүзүү керектиги түшүнүксүз".

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Афганистан: окуя чордону Кабулдабы же Панджшердеби?
"Талибандын"* жетекчилери РФтин Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов менен кезигип, элчиликти коргоого алышты. Бирок, мындан сырткары, жогорку бийликти ким колго алары, шайлоо өткөрүү ниети тууралуу ачык билдирүү жасоого тийиш экенин тактайт Владимир Джабаров.

"Бийлик калктын колдоосуна ээ экенин, афгандыктардын көңүлүнө төп келгенин айгинелеген чаралардын топтому болушу шарт, - дейт ал. – Афганистандын бардык калаалары талибдерге өтө эле жеңил багынып берди. Бул эл аларды колдой турганынан кабар берет. Тилекке каршы, менимче, 20 жыл бою америкалыктар ушунчалык начар иштегени афган элинин жек көрүүсүн ойготкон. Балким, ушундан улам алар тартип орнотулат, маңзат трафигине бөгөт коюларына үмүт артуу менен талибдердин бийлигинин келишине ыраазыдыр. Убакыт керек, кырдаал турукташууга тийиш".

Өз милдеттенмелери Россиянын эсинде. Талибдер эски катачылыктарын унуткарбаганын, эми Афганистандын жетекчилигин исламга ыктап, бирок башка принциптерге таянуу менен курай турганын айтышууда.

"Чындыгында талибдер биринчи ирет бийликке келгенде башкача ой жүгүрткөндөрдү, аялдарды мыкаачылык менен жазалагандары көпчүлүктүн эсинде, - дейт Владимир Джабаров. – Талибдер өткөндөн сабак алганын айтышат. Бирок азырынча бул сөз түрүндө гана, алар иш жүзүндөгү аракеттер керек".

Байкоочу позициясындагы Россия Афганистандын ички иштерине кийлигишпестигин белгилейт Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров.

Россиянын кийлигишүүсүнө Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы жана Евразиялык экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) союздаш өлкөлөрдү аралаштырган жаңжал чагымчылдыгы гана себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалайт ал.

Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Афганистан: Панджшерде талибдерге каршы согушкан күчтөр Батыштан курал суроодо
"Биз Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын алдындагы союздаштык милдеттенмелерин унуткарбайт, - деп билдирет Владимир Джабаров. – Бул республикаларга коркунуч жаралса, биз четте карап турбайбыз".

Өзбекстан ЖККУдан чыккандыгын эске салат Джабаров, бирок аталган республика менен Россиянын ортосунда достук жана өз ара көмөктөшүү жөнүндө эки тараптуу келишими бар.

"Анан да Өзбекстан ЕАЭБге умтулат. Ошол себептен, эгер зарылдыгы чыкса, албетте, жардамдашабыз, - дейт ал. – Бирок коргоо жана коргонуу үчүн гана. Эгер республикалар Афганистандагы оппозициялык күчтөрдү колдоого алса, бул чыңалуунун жаңы очогун жаратат. Ал эми бул жаман вариант. Бирок Өзбекстан да, Тажикстан да, Кыргызстан да бейтарап позицияны карманууда. Алардын буга кийлигишкиси жок".

Россия "Талибанды"* террорчулардын тизмесинен чыгарабы?

Талибдер 2001-жылы Нью-Йорктогу терактыдан улам террорчулардын тизмесине киргизилгенин айтат Владимир Джабаров. Кийинчерээк иликтөө көрсөткөндөй, ал кылмышка "Талибандын"* тиешеси болгон эмес. Анткен менен афган провинцияларындагы талибдердин мыкаачылыгы алигүнчө унутула элек.

"Бүтүндөй муун алмашты, 20 жыл өттү. Бул аз мезгил эмес, — деп ой толгойт Джабаров. – Башкаруу кандай формада жүргүзүлөрүн кароо керек. Өз калкына жол берген формада болсо, анда бир жөн. Эгер катаал диктатура формасы болсо, башка кеп”.

Эгер "Талибан"* кадыресе мамлекетти түптөй алса, эч кимге коркунуч жаратпаса, бир нерсе деп айтууга болмок (тыюу салынган уюмдар тизмесин кайра карап чыгуу жөнүндө – ред.). Эксперт Афганистанда жарандык согуштун уланышы ыктымал экенин да белгилейт.

"Этникалык тажик, өзбектер жашаган Афганистандын түндүгүндө реалдуу каршылык көрсөтүүлөр дале бар. Мурдагы вице-президент (Амрула Салех – ред.) өзүн мамлекет башчысы жарыялап, "Талибанды"* кабыл албай турганын билдирди, — дейт Владимир Джабаров. – Эми баары калк кимди колдой турганына жараша болмокчу. Эгер эл талибдер адилеттүү, турмуш деңгээлин жакшырта турган ачык бийлик экенин көрсө, анда колдоп кетет. Менимче, афган эли ушунчалык чарчап бүттү, тынч жылдардын келишин эңсейт".

"Качкындар албетте, агылат"

Афганистанда бийликти талибдердин басып алышы миграциялык каатчылыкты жаратары бышык деген ойдогу Владимир Джабаров: "Кабул аэропортунда АКШ менен кызматташкан адамдардын өлкөдөн чыгып кетүүгө жан талашканын көрдүңүздөрбү? – деп кейийт, – Тилекке каршы, америкалыктар кийин абалды оңдоп кетишкени менен ошол адамдарды тагдырдын татаал сыноосуна салып берди. Бирок мигранттар, албетте, пайда болот".

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Афганистандагы кыргыз дипломаттары эвакуацияланабы? Элчинин жообу
Көптөгөн качкындар оппозициялык маанайдагы чөйрө менен өз ара байланышкан, мигранттар жакынкы чет өлкөлөргө гана эмес, Батыш Европага да агылышы ыктымал. Ушунда европалык өлкөлөрдүн коопсуздугу жөнүндө маселе жараларын айтат Владимир Джабаров.

"Колундагы болгон нерсесинен ажыраган адамдар каптайт, кезектеги каатчылык күтүлөт, — деп боолголойт ал. — Афганистан менен иштөөдө жаңы саясий формат керекпи? Азырынча мунун зарылдыгын көргөн жокмун. Жагдайга дүйнөлүк коомчулук да, булардын баарына себеп болгон НАТО да көз салууда. Бирок америкалыктар мындай учурда кандай иш алып барарын билебиз.

Сирияда алар террорчулар менен салгылашкандай, бирок чындыгында Асаддын режими менен күрөшүшкөн. Биз олуттуу жеңишке жетишкен соң алар Сирияда террорчулукту жеңдик деп жарыялоодо. Ушундай стиль бул".

Маекти толугу менен "Sputnik на русском" YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

*Талибан — Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0