Мушташка катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан таптакыр ажырашы мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква районунундагы миграция борборун жанында кишилер. Архив
Москва районунундагы миграция борборун жанында кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Мамлекеттик Думанын депутаты мигранттарга укук берүү менен бирге жоопкерчиликти дагы мойнуна артуу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Массалык мушташтарга катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан өмүр бою ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстойго шилтеме берип "Парламентская газета" жазды.

Депутат мигранттарга укук берүү менен бирге жоопкерчиликти дагы мойнуна артуу керек деп эсептейт.

"Чет элдиктер мыйзамды бузбай, ошондой эле мигранттар коомчулугун криминалдаштырбай жашашы зарыл", — деди эл өкүлү.

Эске салсак, июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кетишкен. Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Манжа издерин тапшыруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0