Россиядагы чет элдик таксисттердин иш тартиби өзгөрөт. Чоо-жайы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМосква шаарында такси айдоочусунун документтерин текшерип жаткан милиция кызматкери. Архив
Москва шаарында такси айдоочусунун документтерин текшерип жаткан милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Август айынын орто ченинен баштап Москва жана Москва облусунда такси айдап эмгектенген чет элдиктер башка тартип менен иштей баштайт.

Жайдын акыркы айынан тарта Москвада жана Москва облусунда таксиге буюртмалар атайын идентификатору бар айдоочуларга гана бериле баштайт. Саамалык 14-августтан тарта ишке кирет. Башкача айтканда, санарип профили жок айдоочулар расмий иштей албай калат. Жаңы система Москванын Транспорт департаменти менен Москва облусунун транспорт жана жол инфраструктурасы министрлиги тарабынан киргизилип, "Такси ишинин аналитикасы" комплекстүү маалымат системасы же КИС "АРТ" деп аталууда. Ал эми профилди Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу түзүү керек.

Sputnik жаңы система эмгек мигранттарына кандай таасир этерин карап чыгып, такси айдап жан баккандар ишсиз калбайбы деген маселенин тегерегинде ой калчады.

Жол кырсыгын азайтуу максатында

КИС "АРТ" системасынын жардамы менен Москва бийлиги жол кырсыктарын азайтууну көздөп жатат. Жаңы система таксисттерди тыкыр көзөмөлгө алат. Саамалыктын авторлору бул жаңы эреже эмес, болгону мониторинг системасы экенин айтышууда.

Транспорт департаменти түшүндүргөндөй, эгер ушу тапта айдоочулар жумушка медициналык жана техникалык кароодон өтпөстөн, жол баракчасы, керек болсо айдоочулук күбөлүгү жок эле чыгып кетип жатса санарип профиль менен мындай көйгөйлөрдөн оолак болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кантип?

"Таксисттердин жол эрежесин бузган, каттоодон өтпөй туруп ишке чыккан учурлары көп. Мындай таксисттер жоопкерчилик албайт, жүргүнчүлөр үчүн бул сапарлар кооптуу болушу мүмкүн", — дешти департаменттен.

 Аталган мекеменин берген статистикасы боюнча, 2020-жылы Москвада такси унаалары кабылган 1 667 кырсык болуп, 1 956 адам жаракат алса, 60 киши көз жумган. Акыркы жарым жыл ичинде 794 авария катталды.

Система такси ишин кантип көзөмөлдөйт

14-августтан баштап система айдоочулук стажыны текшере баштайт, ал үч жылдан кем эмес болушу шарт. Мындан тышкары, төлөнбөгөн айып пулу барлар жана оор кылмыш жасаган айдоочунун соттолгон-соттолбогону аныкталат. Маалыматты КИС "АРТ" ИИМ менен Федералдык салык кызматынын базасынан алып турмакчы.

Москва шаарындагы Бирдиктүү миграция борборунун жанында жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Депортацияга жеткирбей: Россия мыйзамсыз мигранттардын көйгөйүн чечеби?
Мында система Транспорт министрлигинин таксист күнүнө 8 сааттан көп эмес иштеши керек деген 424-буйругуна таянат. Иш жуманын узактыгы 40 сааттан ашпашы керек. КИС "АРТ" бул убакытты тыкыр көзөмөлдөп турат, эгер көрсөтүлгөн убакыттан ашып кетсе, агрегатор айдоочуга автоматтык түрдө буюртма жибербей калат.

Буга чейин агрегаторлор өз программасынан таксист иштеген сааттарды гана көрчү, бул айдоочуларга сегиз саат "Яндекс.Такси" кызматында, андан кийин дагы сегиз саат "Ситимобил", Gett, "Везет" жана башка агрегаторлордон буюртма алып иштей берчү. Санарип профиль жалпы системага смена тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берип, мындан улам таксопарктар менен агрегаторлор таксист канча сааттан бери рулда отурганын көрүп турушат. Демек, белгиленген лимиттен ашыра иштөөгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, системада медициналык жана техникалык кароонун эсеби жүргүзүлүп турмакчы. Айдоочу ишке кирер алдында таксопарктын кызматкери же келишим түзүлгөн уюм айдоочу менен автоунаанын жолго чыгуусуна уруксат берилгенин көрсөтүшү керек. КИС "АРТ" ошондой эле жол баракчаларын каттап турат.

ID алуу үчүн эмне кылуу керек?

Россиянын мыйзамдары боюнча, чет элдик жарандар такси кызматында иштей алат. Милдеттүү талаптардын бири — Россиянын айдоочулук күбөлүгү жана үч жылдан кем эмес стаж. Ал эми орус тили расмий тил катары колдонулган Беларусь, Кыргызстан жана Казакстандын айдоочулук күбөлүгү жарактуу деп эсептелет, — деп айтылат департаменттин маалыматында.

Санарип профилди каттоо үчүн Россиянын Пенсиялык фондунан алынуучу СНИЛС зарыл. Бул процедурага орточо эки сааттай убакыт кетип, чет элдик жарандар үчүн жеткиликтүү. Андан ары КИС "АРТ" системасына https://art.taxi.mos.ru/login шилтемеси менен катталууга болот.

"Бийлик таксинин рулунда кимдин отурганын билгиси келет. Биз өнөктөштөрүбүзгө КИС "АРТ" тууралуу маалымат берип, Москва жана Москва облусу боюнча иштеген таксопарктар менен айдоочуларга системада кантип катталуу керектигин түшүндүрөбүз. Мындан улам айдоочунун санарип профилин "Яндекс.Про" системасы аркылуу убактылуу каттоо кызматын киргиздик", — дешти ири агрегатор деп эсептелген "Яндекс.Такси" кызматынан.

Бул учурда айдоочу "Яндекс.Про" аркылуу катталып, сервиске жеке маалыматтарын КИС "АРТ" системасына берүүсүнө макул болот. Андан соң 14 күндүн ичинде убактылуу ID алат да, эки жумага чейин Мамлекеттик кызматтар аркылуу катталбастан эле буюртма алууга шарт түзүлөт.

Бирок сентябрга чейин айдоочу КИС "АРТ" системасына катталып, туруктуу санарип профилге ээ болушу керек. Эгер катталбаса заказдар чектелип калат.

Таксисттер эмне дейт?

"Кетип жатам, бүгүн менин акыркы иш күнүм. Сегиз саатта акча тапмак түгүл унаанын ижарасы менен майын чыгарып алуу мүмкүн эмес. 20 жыл мурун таксиде иштегем, жумуш, акча деп ошону айт. Азыр ишсиз калып, таксиге келгем, бирок болбойт экен, башка жумуш издөөгө туура келет", — дейт такси айдоочусу Андрей.

Андрей РФ жараны, ар тармакта тажрыйбасы мол. Андыктан таксисттердин жумушу көзөмөлдөнө баштаарын билгенде көп тынчсызданган жок.

Москванын көчөсүндө маска кийген айдоочу менен жүргүнчү бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Москвада чет элдик айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салынды
Кыргызстандын Ош облусунан барган Оомат да КИС "АРТ" системасына катталуу үчүн документтерин тапшырган, бирок ушул кезге чейин санарип профиль алганы тууралуу билдирме келе элек. СНИЛС жана Мамлекеттик кызматта жеке кабинети ачылган, ошентсе да жаңы система менен жашоосуна жетишерлик акча табарынан күмөн санап турат. Оомат "Комфорт+" классындагы такси айдайт, мындай автоунаанын чыгымы эконом-класска караганда көбүрөөк.

"Ижара акысы, Яндекстин пайызы, таксопаркка төлөнчү акча — ушунун баарына кеткен чыгымды жабыш үчүн эле бир нече саат иштөө керек. Эгер 14-августтан кийин кирешем жетиштүү болбосо, анда мурунку кесибим болгон ашпозчулукка кайтам. Баары мыйзам чегинде. Ал жакта айлык акы жакшы. Мекенге кайтканда Москвада үйрөнгөндөрүмдүн баарын апама жасап берем", — деди Оомат.

Ача пикирлер

Коомчулук менен профсоюз ишмерлеринин ортосунда бир пикир жок, кээси санарип профилди ишке киргизүү жакшы демилге эмес экенин айтып, системанын бышып жетиле электигин белгилешүүдө. Айрымдар, тескерисинче, ушундай ыкма менен гана убактысынан ашыра иштеп, адамдарды жабыркаткан таксисттерди көзөмөлдөө мүмкүн экенин айтып жатышат.

"Таксист" профсоюзунун жетекчиси Ярослав Щербинин системаны ийине жеткирүү керек деп эсептейт. Андан тышкары, ал эки күн деп айтылганы менен КИС "АРТ" системасына катталууга бир жума кетип жатканын белгиледи. Жетекчинин айтымында, система кээде "туруп" калат, ошондой эле аны колдонууга милдеттендирген нормативдик база жок.

Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды
"Санарип профиль — бул иш күнүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга аракет. Москва бийлиги мындай кадам менен жол кырсыктарын азайтууну көздөп жатат. Алгач система 1-августта ишке кирет деп айтылган, эми 14-августка жылды. Мен кандайдыр бир комментарий берүүдөн карманып турар элем, анткени баары көз ирмемде өзгөрүп жатат", — деди Москвадагы таксисттердин профсоюзунун төрагасы Николай Кодолов.

Ал эми Транспорт жана Москва шаарынын жол-транпорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Пронин кайчы пикирлерге карабастан КИС "АРТ" системасына таксисттердин 90 пайызы же 60 миң айдоочу катталганын билдирди. Анын айтымында, мониторинг системасынын ишке кириши 14- августка "бизнестин өтүнүчү менен" жылдырылган. Ошентсе да буюртма бөлүштүрүүдө артыкчылык каттоодон ушу тапта өткөн айдоочуларга берилип жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0